• Башкы бет
  • Медициналык социалдык-эксперттик комиссиянын 3 кызматкери кармалды
16:00, 2023-ж., 9-декабрь

Медициналык социалдык-эксперттик комиссиянын 3 кызматкери кармалды

Медициналык социалдык-эксперттик комиссиянын 3 кызматкери кармалды

Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын 3 кызматкери кармалды.

"Араван районунун аймагында МСЭКтин мүчөлөрү акча талап кылуу жана алуу боюнча 22 факты тизмектелген. Алдын ала эсептөөлөр боюнча бир күндө түшкөн акчанын суммасы 60-70 миң сомду түзгөнү такталды."

Фактынын негизинде кылмышка шектелген жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Атайын кызмат учурда кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча иш алып барууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Араван #мед.эксперт

Комментарийлер

live comments feed...