• Башкы бет
  • Ош шаарында Өзбекстандын Башкы консулдугу ачылды
16:09, 2023-ж., 8-декабрь

Ош шаарында Өзбекстандын Башкы консулдугу ачылды

Ош шаарында Өзбекстандын Башкы консулдугу ачылды

Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата Өзбекстан Республикасынын Башкы консулдугунун расмий ачылышы болуп өттү.   

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов жана Ош шаарындагы башка консулдук өкүлдөрү катышты.

Консулдук Өзбекстан менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, өлкөдөгү өзбек жарандарына ар тараптуу жардам берүү максатында ачылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Өзбек консулдугу

Комментарийлер

live comments feed...