• Башкы бет
  • Ноокат менен Кара-Сууга жаңы акимдер дайындалды
16:06, 2023-ж., 8-декабрь

Ноокат менен Кара-Сууга жаңы акимдер дайындалды

Ноокат менен Кара-Сууга жаңы акимдер дайындалды

Жакыпбек Субагожоев Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотулуп, ордуна Темирболот Абыкеев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 7-декабрда кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматты кабарлады.

Темирболот Абыкеев буга чейин Чоң-Алай районун акими болуп иштеген. Бул кызматка 2021-жылы дайындалган. Ал президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы.

Ал эми Жакыпбек Субагожоев Ноокат районуна аким болуп дайындалды. Ал Кара-Сууга жетекчи болуп быйыл апрелде келген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кара-Суу-Ноокат

Комментарийлер

live comments feed...