• Башкы бет
  • Ош: экстремизм жана терроризмге шектелген жаран бешинчи кабаттан өзүн таштоого аракет кылды
16:03, 2023-ж., 8-декабрь

Ош: экстремизм жана терроризмге шектелген жаран бешинчи кабаттан өзүн таштоого аракет кылды

Ош: экстремизм жана терроризмге шектелген жаран бешинчи кабаттан өзүн таштоого аракет кылды

Ош шаарынын Ж. Раимбеков көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу үйлөрдүн биринин бешинчи кабатынын терезесинен өзүн таштоого аракет  кылган адам куткаруучулар тарабынан куткарылды. Бул тууралуу айырм ЖЧКлар жазышууда.

Маалыматка караган, ӨКМдин Ош шаарындагы беш куткаруучусу беш кабаттуу үйдүн чатырына чыгып,  жанын кыюууга аракет кылган жаранды куткарууга камынышкан. 

Куткаруучулардын бири чатырдан бешинчи кабаттын терезесине түшүп, өзүн таштоого аракет кылган жаранды кутарып калган.

ӨКМдин Оштогу башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, куткарылган жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Ош шаардык милициясынан билдиришкендей, аталган жаран терроризм жана экстремизмге шектелип жүргөн. Укук коргоо органдар аны кармаоо үчүн барганда «бешинчи кабаттан өзүм таштайм» деп коркуткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош-суицид

Комментарийлер

live comments feed...