• Башкы бет
  • Мадумаровдун кийинки соту 9-февралда болот
15:59, 2023-ж., 8-декабрь

Мадумаровдун кийинки соту 9-февралда болот

Мадумаровдун кийинки соту 9-февралда болот

Бүгүн, 8-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго карата козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы соттук отурум болду. Отурум жабык өттү жана ага журналисттер, саясатчынын жакындары, тарапташтары киргизилген жок. Мадумаровдун жактоочулары айыптоо актысы айтылбагандыгын, болгону иштин материалдары менен таанышуу, соттук отурумду ачык өткөрүү жана бөгөт чарасы тууралуу өтүнүчтөр каралгандыгын билдирди.

Адвокат Гуляна Убалиева Жогорку Кеңештин 75 депутаты Адахан Мадумаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирип кол коюп бергендигин билдирди. Бирок сот аны канаттандырган эмес. Мындан улам депутаттын бөгөт чарасы кийинки жылдын 9-февралына чейин узартылды.

"Жогорку Кеңештин 75 эл өкүлү Адахан мадумаровго ишенүүгө болот жана бөгөт коюу чарасын камак менен байланышпаган түрүн тандап берүү тууралуу өтүнүчүн келтиришкен. Ошондой эле ооруларынын тизмеси да келтирилген. Бирок ага карабастан бошотулган жок", -деп билдирди Убалиева.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Адахан Мадумаров

Комментарийлер

live comments feed...