• Башкы бет
  • Ошто аскер кызматкери этиясыздыктан өзүн атып алганы айтылууда
15:00, 2023-ж., 7-декабрь

Ошто аскер кызматкери этиясыздыктан өзүн атып алганы айтылууда

Сүрөт: "Т-Медиа"

Сүрөт: "Т-Медиа"

УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Оштогу бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер этиятсыздыктан атылган октон көз жумганы кабарланды. Окуя 6-декабрда болгон.  

Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 18 жаштагы  ыкчам кызматтын аскери Э.Р. АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган. Медициналык жардам көрсөтүлгөнү менен ал алган жараатынан каза болгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө, деп жазат "Т-Медиа".

Жоокерлердин кызмат учурда жараат алган же кырсыкка кабылган учурлар буга чейин дагы катталган. 20-ноябрда Ички иштер министрлигинин ички аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн 21 жаштагы жоокер 20 жаштагы аскерди атып салганы кабарланган.

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрда Баткенде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 27-жаштагы  чек арачы спорттук иш-чарада баш сөөгүнөн оор жаракат алып каза болгон. Ал эми 21-февралда Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы өзүнүн 21 жаштагы кызматташын атып алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жоокер окко учту

Комментарийлер

live comments feed...