• Башкы бет
  • Бир катар мамлекеттин башчылары Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты
14:48, 2023-ж., 6-декабрь

Бир катар мамлекеттин башчылары Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты

Бир катар мамлекеттин башчылары Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты

Бүгүн, 6-декабрда бир катар мамлекеттердин башчылары президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап жатышат.

Анын ичинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бар.

Президенттер кыргызстандык кесиптешине жиберген куттуктоо телеграммасында Садыр Жапаровдун жетекчилигименен  Кыргызстанда туруктуу өсүш жана социалдык-экономикалык туруктуулук камсыз кылынып жатканын белгилешти.

Ишенимге жана колдоого негизделген, боордош элдердин мамилелеринин кеңейишине, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктүн калыптанышына кошкон салымын жогору баалашууда.

Садыр Жапаров 55 жашка толду. Ал 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...