• Башкы бет
  • Камчы Асанбектин 115 гектар жери мамлекетке өттү
13:49, 2023-ж., 5-декабрь

Камчы Асанбектин 115 гектар жери мамлекетке өттү

Камчы Асанбектин 115 гектар жери мамлекетке өттү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунда Камчы Көлбаевге тиешелүү делген 115 гектар жер мамлекетке кайтарылганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, былтыр март айында Н.Р.Р. аттуу жаран  "Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасы менен 115 га жерди (айдоо жерди) ижарага алуу келишимин түзгөнү аныкталган.

"Аталган жаран  тоют өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен алектенүү үчүн Ысык-Көл районунун Григорьевский а/а 80 гектар жана Семеновский а/а 35 гектар жер тилкесин пайдаланган. Ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын багып, тоют өстүрүп материалдык колдоо көрсөтүп келген", -деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин "мыйзамдагы уруу" аталган кримтөбөл Камчы Көлбаев 4-октябрда УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Камчы Асанбек

Комментарийлер

live comments feed...