• Башкы бет
  • Бишкекте айрым соодагерлер ККМге нааразы болуп митингге чыгышты
13:46, 2023-ж., 5-декабрь

Бишкекте айрым соодагерлер ККМге нааразы болуп митингге чыгышты

Бишкекте айрым соодагерлер ККМге нааразы болуп митингге чыгышты

"Дордой Моторс", "Кудайберген",  "Ош"  базарларында жана Бишкектеги айрым майда дүкөндөрдө иштеген соодагерлер бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги Максим Горький гүлбагына нааразылык акцияга чыгышты. 

Алар ККМге,  товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны колдонууга каршы экенин билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышууда. 

Буга чейин 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги "Дордой", "Мадина", Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу "Аламүдүн", Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. Ал эми 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан "Кудайберген" базарынын соодагерлери иш таштаган.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөн. 

2024-жылдын 1-январынан тартып өлкөдөгү базарларда соода-сатык менен алектенгендер  ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Соодагерлер митинг

Комментарийлер

live comments feed...