• Башкы бет
  • Нарындын алыскы райондоруна интернет жеткирилет
14:32, 2023-ж., 4-декабрь

Нарындын алыскы райондоруна интернет жеткирилет

Нарындын алыскы райондоруна интернет жеткирилет

Нарын облусунун алыскы райондоруна интернет жеткирилет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-декабрда Кочкор районунун Арсы айылындагы мектепте «Digital CASA – Кыргызстан» долбоорунун жетишкендиктери тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Негизги басым мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объектилерди интернет менен камсыз кылууга жасалат.

Кочкор районунда 168 чакырым 780 м аралыкка була- оптикалык кабель тартылып, натыйжада 39 социалдык объект, анын ичинде 14 мектеп интернетке туташтырылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Нарын-интернет

Комментарийлер

live comments feed...