• Башкы бет
  • Мыйзамсыз хирургиялык операция жасаган сулуулук салону аныкталды
12:52, 2023-ж., 2-декабрь

Мыйзамсыз хирургиялык операция жасаган сулуулук салону аныкталды

Мыйзамсыз хирургиялык операция жасаган сулуулук салону аныкталды

Саламаттык сактоо министрлигинин адистери мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүктү аныктоо боюнча рейд жүргүздү.

Анын алкагында мыйзамсыз хирургиялык кийлигишүүлөрдү, анын ичинде липосакция жана блефаропластика жасаган сулуулук салонунун ишин токтотушту.

Инстаграмм аккаунту: @21_beautystudio.kg

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү лицензиясы жок орто билимдүү адиске (фельдшер) айып пул салынды. Ошондой эле, бардык материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 152-беренесинин мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк, ошондой эле лицензиясыз иш жүргүзүү боюнча 218-беренесине ылайык, андан аркы баа берүү жана иликтөө үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул чаралар медицина тармагында мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Сулуулук салону

Комментарийлер

live comments feed...