• Башкы бет
  • Камчыбек Ташиев тажик УКМКсынын башчысы менен жолукту
12:49, 2023-ж., 2-декабрь

Камчыбек Ташиев тажик УКМКсынын башчысы менен жолукту

Камчыбек Ташиев тажик УКМКсынын башчысы менен жолукту

Кечээ, 1-декабрда Тажикстандын Согди облусунунда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча теңтөрөгалар Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу Министирлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, алар кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунунун ишине оң баа беришкен. Жолугушууда чек аранын долбоордук линиясынын сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти тездетүү зарылдыгын айтылганы маалымдалды.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу Баткен шаарында өткөн. Чек ара боюнча андан кийинки сүйлөшүү Тажикстанда улантылмак болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Камчыбек Ташиев #кыргыз-тажик

Комментарийлер

live comments feed...