• Башкы бет
  • "Ак-Суу" базарынын ээси интимдик сойкукана уюштурууга көмөктөшкөн деген шек менен кармалды
15:28, 2023-ж., 1-декабрь

"Ак-Суу" базарынын ээси интимдик сойкукана уюштурууга көмөктөшкөн деген шек менен кармалды

"Ак-Суу" базарынын ээси интимдик сойкукана уюштурууга көмөктөшкөн деген шек менен кармалды

Чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн мурдагы аким, «Ак-Суу» базарынын ээси Б.К.А кармалганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Б.К.А. сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берип, ошондой эле бул мекемеде бир нече жолу интимдик кызматты пайдаланган.

Топтолгон материалдардын негизинде, 30-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде (сойкулукка тартуу) каралган кылмыштын негизинде Б.К.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекстери жургүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ак-Суу базарынын ээси

Комментарийлер

live comments feed...