• Башкы бет
  • Журналист Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыкты
17:10, -ж., 21-ноябрь

Журналист Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыкты

Журналист Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыкты

Журналист, Nazarnews сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкетин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү кайрылган. Сот арызды 20-ноябрда карады жана Шерипбаеваны 15-январга чейин үй камагына чыгаруу тууралуу чечим чыгарды.

УКМК анын бөгөт чарасын өзгөртүү арызын жазууга эмне себеп болгону тууралуу комментарий бере элек.

Гүлжан Шерипбаеваны 16-ноябрда УКМКнын кызматкерлери кеңсесинен алып кетишкен. Атайын кызмат ушул күнгө чейин ага козголгон иш тууралуу маалымат бере элек. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 1-декабрга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган. Райондук сот журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү ("Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айып тагылганын билдирген.

Шерипбаева акыркы кезде соцтармактарда бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупция үчүн соттолгон жана сотто күнөөсүн моюнуна алган Райымбек Матраимовду колдоп жүргөнү белгилүү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Гүлжан Шерипаева

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...