• Башкы бет
  • Шайлоого катышпаган жарандарга айып пул салуу мыйзамы биринчи окуудан өттү
17:03, -ж., 21-ноябрь

Шайлоого катышпаган жарандарга айып пул салуу мыйзамы биринчи окуудан өттү

Шайлоого катышпаган жарандарга айып пул салуу мыйзамы биринчи окуудан өттү

Шайлоого катышпаган жарандарга айып салуу мыйзамы тармактык комиттете бүгүн, 21-ноябрда каралып, биринчи окуудан өттү. 

Аталаган мыйзамды депутат Тазабек Икрамов демилгелеп, 13-июлда коомдук талкууга койгон. Анда президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышпагандарга 5 миң сомдон айып салууну сунуштоодо. Икрамовдун айтымына караганда, соңку жылдары элдин шайлоого болгон жоопкерчилиги төмөндөп кеткен.

"Жарандар шайлоого 90-100% келип берсе эч кимди сатууга алууга мүмкүн болбойт болчу. Таза шайлоо болуп, таза адамдар келет эле",-деди Икрамов.

Мыйзам долбоорун министрлер кабинети, Юстиция министрлиги жана Акыйкатчы институту Кыргызстандын Конституциясына каршы келет деген негизде каршы болушту. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы документти колдоду. 

Буга чейин БШКнын төрайымы мындай демилгеге каршы чыккан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Шайлоо #айып пул

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...