
16:20, -ж., 20-ноябрь
Президент Камчыбек Ташиевди кайтарууну күчөттү

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди кайтарууну дагы күчөттү. Маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов ырастады.
"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын аткарган милдеттерин эске алуу менен аны кайтаруу мурда эле күчөтүлгөн. Азыр андан да күчөтүлдү", - деди Аскат Алагөзов.
Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары мындай чечим соңку убакта атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топторго каршы өткөргөн атайын операция, иш-чараларга байланыштуу экенин жазышты.
Камчыбек Ташиев акыркы эки айга чукул убакыттын ичинде уюшкан кылмуштуу топтор, коррупциялык схемаларга тиешеси бар адамдар тууралуу бир нече жолу билдирүү жасады. Ал 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен маркум Камчы Көлбаевди "Кыргызстанда мафия түзгөн" деп айыптаган. Кыргызстанда "кримчөйрөнүн анабашы" аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн.
Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин дайындалган. Президент Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:04
-ж., 2-декабрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
live comments feed...
Комментарийлер