• Башкы бет
  • Бишкек: көчөгө ташталган баланын абалы туруктуу
16:17, -ж., 20-ноябрь

Бишкек: көчөгө ташталган баланын абалы туруктуу

Бишкек: көчөгө ташталган баланын абалы туруктуу

Бишкектин Арча-Бешик конушунда көчөгө ташталган ымыркайдын апасы делип 20 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди. Маалыматка караганда, ал тергөө кызматына жеткирилди.

Саламаттык сактоо министрлиги бала реанимацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирди. Абалы туруктуу деп бааланууда. 

19-ноябрда болжол менен саат 22:45 чамасында Ленин райондук милициясына Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринин жанынан кагаза кутунун ичинен желим баштыкка оролгон жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы боюнча маалымат түшкөн. Соцтармактарда милиция кызматкерлери баланы төрөт үйүнө жеткирген видео таратп жатат. 

8-ноябрда Бишкектин көчөлөрүнүн бирининен желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылганы табылган. 11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү" беренеси менен айып тагылган. Кийин Октябрь райондук сотунун чечими менен шектүү сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулганы белгилүү болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ташталган бала-Арча-Бешик

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...