• Башкы бет
  • Токтогул ГЭСин кайтарып отурган жоокер октон каза болду
16:15, -ж., 20-ноябрь

Токтогул ГЭСин кайтарып отурган жоокер октон каза болду

Токтогул ГЭСин кайтарып отурган жоокер октон каза болду

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарындагы Токтогул ГЭСин кайтарып турган 20 жаштагы жоокер октон каза болду. Окуя бүгүн, 20-ноябрда болжол менен эрте мененки саат алты чамасында болгон. 

ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы маалымдагандай, кароолдо турган аскер кызматкери жанындагы жоокерди атып алган. Кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Жыйырма жаштагы жоокер алган жаратынан улам ошол жерде каза болгон. 

Учурда аскердик бөлүктүн кызматкерлери милиция менен биргеликте качып кеткен жоокерди издөөдө. Тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылды. 

Жоокерлердин кызмат учурда жараат алган же кырсыкка кабылган учурлар буга чейин дагы катталган. Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрда Баткенде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 27-жаштагы  чек арачы спорттук иш-чарада баш сөөгүнөн оор жаракат алып каза болгон. Ал эми 21-февралда Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы өзүнүн 21 жаштагы кызматташын атып алган.

Буга чейин "Т-Медианын" дата-бөлүмү акыркы беш жылда Кыргызстанда аскерде кызмат өтөө учурунда 46 жоокер көз жумганын анализдеген. Анын негизи себеби суицид, ооруу жана жол кырсыгы болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жоокер-Токтогул ГЭСи

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...