
13:35, -ж., 17-ноябрь
Ошто Ак-Буура дарыясынын жээги көрктөндүрүлүүдө

Тилеке-Баатыр көчөсүнүн Нурматов көчөсүнөн баштап А. Навои көчөсүнө чейинки аралыкта Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорунун 2-этабы 80 пайызга аяктады.
Долбоорго ылайык, узундугу үч чакырымга жакын жерге жарандардын эс алуусуна ылайыкташтырылып, 14 терраса заманбап жарыктандырылып, жашыл аймактары бар кичи аралдар жасалууда.
Жумуштарды үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүү болжолдонууда.
Белгилей кетсек, аталган долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен Ош шаарынын мэриясынын шаардын инфраструктурасын, туризм тармагын өркүндөтүү боюнча «Аймактарды экономикалык өнүктүрүү» биргелешкен алты долбоордун алкагында ишке ашырылып жатат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:04
-ж., 2-декабрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
live comments feed...
Комментарийлер