• Башкы бет
  • Nazar News сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева эки күнгө кабалды
13:28, -ж., 17-ноябрь

Nazar News сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева эки күнгө кабалды

Nazar News сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева эки күнгө кабалды

Журналист, Nazar News сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева 48 саатка камалганын жакындары билдиришти. Иниси Майрамбек Каримов Шерипбаеваны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 16-ноябрда ал иштеген кеңседен алып кеткенин айтты.

"Саат 12лер чамасында эжем иштеген кеңсеге өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар келип, эч кандай чакыруу кагазы жок эле, "сүйлөшүү үчүн" деп чакырып, алып кетишкен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча эжемди мамлекеттик адвокаттын катышуусунда суракка алышып, эки суткага камакка алышыптыр. Биздин адвокат УКМКга эми бара жатат", - деди Каримов.

Шерипбаева өзүн УКМК кармап кеткенин 16-ноябрь күнү түш чамасында "Фейсбуктагы" баракчасына жазган. Ал акыркы кезде соцтармактарда бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупция үчүн соттолгон жана сотто күнөөсүн моюнуна алган Райымбек Матраимовду колдоп жүргөнү белгилүү.

УКМК Шерипбаеванын кармалышы тууралуу маалымат бере элек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Гүлжан Шерипаева

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...