• Башкы бет
  • Өзгөндүн кармалган мэри Данияр Моңолдоров 9-декабрга чейин камакта калтырылды
13:14, -ж., 17-ноябрь

Өзгөндүн кармалган мэри Данияр Моңолдоров 9-декабрга чейин камакта калтырылды

Өзгөндүн кармалган мэри Данияр Моңолдоров 9-декабрга чейин камакта калтырылды

Ош шаардык соту Өзгөн шаарынын мэри Данияр Моңолдоровдун баш коргоо чарасын карап, 9-декабрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Өзгөн шаарынын мэри уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деген шек менен 15-ноябрда кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле «мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу топбунун ишине катышкан деп айыпталган.

Экс-мэр кылмыш дүйнөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып жүргөнү айтылды. Мисалы, кылмыштуу топтун мүчөлөрү жарандык активистти коркутуп, Өзгөн шаарынын мэринин ишин сындоону токтотууну жана аны коомчулукка чагылдырбоону талап кылган факты аныкталган.

13-ноябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан мэрдин кызматтык иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлдү. Ал Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камака алынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Данияр Моңолдоров

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...