• Башкы бет
  • Энергетика министрлиги жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырууда
16:18, -ж., 16-ноябрь

Энергетика министрлиги жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырууда

Энергетика министрлиги жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырууда

Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Мекеме электр энергиясын үнөмдөөчү лампа колдонуу жылына 170 Квт/с үнөмдөй тургандыгын билдирет.

Керектөөчүлөр үчүн жарыкты үнөмдөөнүн эң жөнөкөй жолдору:

Колдонуп жаткан лампаларды, айнек терезелерди чаңдан тазалап туруу;

Бөлмөдөн чыгып бара жатып жарыкты өчүрүп туруу;

Үй тиричилигин сатып алууда электр жабдуулардын энергия сарптоочу классына көңүл бөлүү;

Сыналгы, планшет, уюлдук телефон жана башка электр жабдуулардын кубаттагычын сууруп туруу;

Чаң соргучту тез-тезден тазалап туруу;

Министрлик ушундай эң жөнөкөй жолдорду аткаруу менен үй-бүлөлүк чыгымдарды азайтууга болорун эске салат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Энергетика

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...