
16:14, -ж., 16-ноябрь
Өзгөн шаарынын мэри Көлбаевдин УКТнын ишине катышкан деген шек менен кармалды

Өзгөн шаарынын мэри Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишине катышкан деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматты “Т-Медиага” билдирген.
Маалыматка караганда, Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоров жеке кызыкчылыгындагы максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келгендиги аныкталды.
"Тактап айтканда, кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү күч колдонуу коркунучун жаратып жарандык активисттен Өзгөн шаарынын мэринин ишин сындоону токтотууну жана массалык маалымат каражаттарында чагылдырбоону талап кылган. Антпесе ден соолукка олуттуу зыян келтиребиз деп коркутушкан",-деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.
Атайын кызмат тарабынан 13-ноябрда Моңолдоровдун кызматтык иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлүп, УКМКнын тергөө абагына камака алынган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:04
-ж., 2-декабрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
live comments feed...
Комментарийлер