• Башкы бет
  • Кара-Сууда курал-жарак сакталган жай табылды
16:06, -ж., 16-ноябрь

Кара-Сууда курал-жарак сакталган жай табылды

Кара-Сууда курал-жарак сакталган жай табылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жим айылынын аймагында курал-жарак сакталган атайын жай табылды.  Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн, 16-ноябрда билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал жерден  1 даана АКМ-74, 1 даана РГД-5 гранатасы, 40 даана 7,62 калибрдеги, 9 даана  5 калибрдеги патрондор,  кара беткап,1 даана бычак жана жашыл түстөгү колкап табылган.

“ 2010-жылдагы окуялардын сепаратисттик аракеттерине каршы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кара-Суу районунун Жим айылынын аймагындагы курал-жарактар сакталган жай тууралуу маалымат алынган”-деп маалымдаган УКМК.

Учурда табылган курал-жарактарга жана сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды аныктоо ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Курал-жарак жайы

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...