
14:52, -ж., 15-ноябрь
Оштун мэринин сөзүн Ош шаардык кеңешинин төрагасы төгүндөдү

Сүрөт: Turmush.kg
Бүгүн, 15-ноябрь күнү Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков жана Ош шаардык кеңешинин депутаты Эсенбек Арзиев маалымат жыйын беришти. Төрага Салман Назылбеков Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигеновдун "депутаттар чайга чакырбай койгонуна нааразы болушту" деген сөзүн төгүндөдү.
«Кечээ, мэр Бакытбек Жеңишбековичтин сайтка жарыялаган маалыматында биздин шаардык кеңештин депутаттарына, менин дарегиме айтылган сөздөрү боюнча мен сиздерге маалымат берип коеюн. Ооба, мындан 2 жума мурун мэр менен бир жерде жолугушканбыз. Бир-эки сааттай ар түрдүү маселелерди сүйлөшүп отурганбыз. Анан ошол жерде мен айтканмын, урматуу Бакытбек Жеңишбекович, сыртка чыгып жатасыздар, Самаркандка барышты, техникалар боюнча Алматыгабы же дагы башка жакка барып келишти.Ошол учурда биздин депутаттарды да кошуп алыңыздар. Ушул тармакты караган депутаттар барып келсе жакшы эле. Силер барган жерге депутаттар да барып, маалымат алып келишет. Алар мамлекеттин эсебинен эмес, өзүнүн эсебинен барат дегем. Мүмкүнчүлүгү барлар барышат.
Анан чай боюнча айтайын, Чай… Билбейм ошол нерсе, канчалык?.. Күлкүлүү эле болду, мен үчүн делечи. Ал жөнүндө сөз да болгон эмес. Чакырган чайга депутаттар барган дагы эмес. 4-октябрь күнү «мэрдин чайы болуп жатат» деп, депутаттарды чайга чакырган. Депутаттар барган эмес, мен барганмын. Шаардын активдери баары ошол жерге чогулганы үчүн мен да баргам. Барып, ал жерде, стадиондо мэр менен кошо төрага катары куттуктоо сөзүбүз бар болчу, ага аргасыз баргам. Ал жерде болгону жарым саат отуруп, стадионго түшүп кеткенбиз»,-деди С. Назылбеков.
Депутат Эсенбек Арзиев Ош шаардык кеңешинде 4 фракциянын депутаттары бар экенин, алардын пикири ар түрдүү экенин билдирди.
"Шаардык кеңеште 45 депутат, 4 фракция бар. 45 депутаттын пикири ар түрдүү. Депутаттардын баарын бир маселеге бириктире албайсың. Бул маселе буга чейин эле бышып, жетилди. Буга чейин эвакуаторлорду алып келүү боюнча 20 млн. сом бөлүп бергенбиз. Бул боюнча да баарыңарга маалым, иш козголуп, 9,5 млн. сому кайра бюджетке кайтарылган. Ошол жана башка маселелердин баарына үн катпай келдик. Биз, ошо мэрге ишенип, акча бөлүп бергенбиз, бардыгын тапшырганбыз. Депутаттар биригип алып, бирөөнүн тапшырмасын аткарат деген ойдон алыс болушубуз керек, ал пикир таптакыр туура эмес",-деди Э. Арзиев.
Кечээ, 14-ноябрь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк билдирүү боюнча сунуш берип, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында 39 депутат мэрге ишенбөөчүлүк билдирген. Ош шаардык кеңешинин сунушу президент Садыр Жапаровго жөнөтүлгөн.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:43
Кечээ
14:38
Кечээ
14:36
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:20, -ж., 18-ноябрь
15:37, -ж., 18-ноябрь
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
live comments feed...
Комментарийлер