• Башкы бет
  • Массалык баш аламандык уюштурууга шектелген Фейсбук колдонуучу кармалды
14:45, -ж., 15-ноябрь

Массалык баш аламандык уюштурууга шектелген Фейсбук колдонуучу кармалды

Массалык баш аламандык уюштурууга шектелген Фейсбук колдонуучу кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет Орусиянын Москва шаарында массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деген негизде кыргызстандык жаран кармалганын кабарлады.

Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, бийликти күч менен кулатууга чакырыктарды жарыялаган Фейсбук социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу – 1986-жылы туулган К.Н.К. аттуу жаран мамлекеттик жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал жаран Орусиянын аймагынан кармалып, Кыргызстанга алып келинди.

Учурда соттун санкциясынын негизинде К.Н.К. 2023-жылдын 20-ноябрына чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Ушул жуманын башында массалык башаламандык уюштурду деген айып менен социалдык тармактындагы бир колдонуучусу кармалган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Фейсбук колдонуучу

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...