
17:05, -ж., 14-ноябрь
Кыргыз-тажик жаңжалында курман болгон эки аскер кызматкердин ысымдары өздөрү жашаган көчөгө берилди

Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы көчөгө Ички иштер министрлигинин атайын багытталган полкунун кызматкери Мыктыбек Мурзажановдун ысымы ыйгарылды.
Мыктыбек Мурзажанов 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон. 23 жашында набыт болгон аскерге «Эрдик» медалы ыйгарылган.
20 жаштагы чек арачы Марат Ташмирзаевдин ысымы Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын дагы бир көчөсүнө берилди. Ал да 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында баатырларча курман болгон. Марат Ташмирзаев, УКМКнин Чек ара кызматынын «Бөрү» атайын отрядында кызмат өтөп жаткан.
Баатырлардын ысымын ыйгаруу аземине Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, баатырлардын жакындары, айылдаштары, кесиптештери катышты.
Бүгүнкү күнгө чейин чек ара окуяларында каза болгон 45 чек арачынын ысымы өздөрү туулуп өскөн аймактардагы көчө, эс алуу парктары, спорт комплекс сыяктуу объекттерге берилди.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер