• Башкы бет
  • Баткен облусунда жаңы мал базар иштеп баштады
16:58, -ж., 14-ноябрь

Баткен облусунда жаңы мал базар иштеп баштады

Баткен облусунда жаңы мал базар иштеп баштады

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 22 миллион сомго жаңы мал базар курулду. Ал декабрдын башында пайдаланууга берилерин "Т-Медиага" мэриядан билдиришкен.

Базар жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган. Ага аянты 1,5 гектар жер ажыратып берилген. Мал базарда атайын административдик имарат, жарандар басуучу тротуарлар, мал байлоочу жайлар, бастырмалар курулуп бүткөн. 

"Учурда иштеп жаткан эски мал базар шаардын так ортосунда жайгашкандыктан көчөлөрдө унаа тыгындары орун алып, шаар тургундарына ыңгайсыздыктарды жаратып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы мал базар куруу чечими кабыл алынган эле", -деп маалымдашты мэриядан.

Мындан сырткары мэрия жаңы мал базар ишке кирген соң ал жерге кирген мал жандыктарыга  тийиштүү адистер көзөмөл жүргүзүп, санитардык абал көзөмөлгө алынарын кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Баткен-мал базар

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...