• Башкы бет
  • Аксыда жеке ишкер курган чакан ГЭС пайдаланууга берилди
14:52, -ж., 13-ноябрь

Аксыда жеке ишкер курган чакан ГЭС пайдаланууга берилди

Аксыда жеке ишкер курган чакан ГЭС пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагындагы Тосту айылында жеке ишкер Нурлан Оморов тарабынан кубаттуулугу 500 кВт болгон чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү 12-ноябрда билдирди.

Чакан ГЭСтин курулушуна 750 миң доллар жумшалган. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү бул демилге өлкөдөгү электр энергиясына болгон муктаждыкты жөнгө салуу максатында ишке ашканын кабарлады.

Учурда Тосту айылындагы жаңы чакан ГЭСтен өндүрүлгөн электр энергиясы жергиликтүү калктын кошумча керектөөсүнө жумшалууда. 

Буга чейин Баткен облусунун тургуну, жеке ишкер Алмаз Каллпаев Кыштут дарыясына кубаттуулугу 10МВт болгон системалык ГЭСТИ курган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Чакан ГЭС

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...