
15:35, -ж., 11-ноябрь
Ош: энеси тарабынан сабалган эгиз кыздар атасына өткөрүлүп берилди

Ош облусунун Араван районунда энеси тарабынан сабалган эки жаштагы эгиздер атасына өткөрүлүп берилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, балдарды тарбиялоодо атасына эжеси көмөк көрсөтөт.
Министрлик кыздардын ата-энелери никеге турбагандыктан, Араван райондук башкармалык аталыкты аныктоо үчүн зарыл болгон процедураларды жүргүзгөнүн белгиледи. Жыйынтыгында кыздардын биологиялык атасы жана башка туугандары табылган.
Эске салсак: 6-ноябрда социалдык тармактарда аял киши эки жаш баланы уруп жаткан тасма тараган. Анда ал балдарын таяк менен сабап, заара ушатып койгондугу үчүн жемелеп жатканын көрүүгө болот.
Окуядан кийин Ош облустук милициясы аялды кармаган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө аял видеотасмада уруп жаткан жаш балдар өзүнүн эки жаштагы эгиз кыздары экендигин, алар заара ушатып койгондугу үчүн ушундай кадамдарга барганын айткан.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдар энесинен ажыратылып алынып, ооруканага жаткырылганын, толук камкордукка алынганын кабарлаган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:43
Кечээ
14:38
Кечээ
14:36
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:37, -ж., 18-ноябрь
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер