• Башкы бет
  • Илим күнү: Кыргызстанда илимдин 125 доктору бар
13:43, -ж., 10-ноябрь

Илим күнү: Кыргызстанда илимдин 125 доктору бар

Илим күнү: Кыргызстанда илимдин 125 доктору бар

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда Ташкент шаарында Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитинде  Израил-Палестина кагылышуусуна токтолду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Жапаров согуштук аракеттерди токтотууга жана сүйлөшүү процессин баштоого чакырган.  

“Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске көңүлүбүз ооруп, зээнибиз кейип, байкап отурабыз. Биз тараптарды курмандыктарды жана жайкын тургундарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз”, - деди Садыр Жапаров.

Ташкентте өтүп жаткан жыйынга Азербайжан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстандын мамлекет башчылары жана  Казакстан жана Пакистандын өкмөт башчылары катышууда

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Илим күнү

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...