• Башкы бет
  • Жогорку сот Kaktus.media боюча чечим чыгарды
13:23, -ж., 10-ноябрь

Жогорку сот Kaktus.media боюча чечим чыгарды

Жогорку сот Kaktus.media боюча чечим чыгарды

Жогорку Сот бүгүн, 10-ноябрда "Вечерний Бишкек" гезитинин Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча чечим чыгарды.  

Ага ылайык, соттук коллегия моралдык чыгымды өндүрүү боюнча эки инстанциянын чечимин жарым-жартылай өзгөртүп, журналист Диля Юсуповадан 500 миң эмес, 100 миң сом өндүрүү чечимин кабыл алды. Ал эми басылманын өзүнө салган 500 миң сом боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды. 

"Вечерний Бишкек" басылмасынын доо арызы 2023-жылдын кышында козголгон. Ага Kaktus.media сайтынын "Вечерний Бишкектин" кызматкерлери гезит 1-январдан тартып жабыларын билдиришти деген материалы себеп болгон. "Вечерний Бишкек" бул макалада так эмес маалымат келтирилгенин билдирип, сотко кайрылган жана жалпысынан 50 миллион сомдук доо койгон. Анын ичинен 25 млн сомду журналист Юсуповадан, калганын басылмадан талап кылган.

23-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту доо арызды жарым-жартылай канааттандырган. Басылманын журналисти Диля Юсупова 500 миң сом, Kaktus.media басылмасынын ээси 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилген. 4-сентябрда апелляциялык арыз Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылган. Кийин Жогорку Сотко кассациялык арыз берилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кактус медиа

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...