• Башкы бет
  • В. Путин расмий иш сапары менен Казакстанга келди
15:51, -ж., 9-ноябрь

В. Путин расмий иш сапары менен Казакстанга келди

В. Путин расмий иш сапары менен Казакстанга келди

Орусиянын президенти Владимир Путин 9-ноябрда Казакстанга расмий сапар менен келди. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Путин менен казак-орус сүйлөшүүлөрү өтө турган Акорда резиденциясында жолугушту.

Президенттер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюусу күтүлүүдө. Эки тараптуу кызматташтыктын келечеги, актуалдуу эл аралык маселелер талкууланары буга чейин кабарланган.

Эки өлкөнүн лидерлери видеобайланыш аркылуу Костанайда өтүп жаткан Орусия менен Казакстандын аймактар ​​аралык кызматташуу форумунун жыйынына катышат. Форум айыл чарбасын өнүктүрүүгө арналган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#В. Путин Казакстанда

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...