
15:43, -ж., 9-ноябрь
Түштүк Кореяда туура эмес илинген желек боюнча элчи түшүндүрмө берди

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Сеул шаарында Кыргызстандын расмий желегинен айырмаланган желектин илинип турганы боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, ыкчам териштирүү жүргүзүлүп, туу Тэджон шаарындагы "Hanbat National" окуу жайынын кире беришинде тагылганы аныкталган.
Элчилик аталаган окуу жай менен байланышып, илинген желек боюнча маалымдап, түшүндүрмө сураган. Университеттин жетекчилиги тууну жергиликтүү фирмадан буйрутма беришкенин, бирок туура эмес жасалып калганын билбей калышканын маалымдаган.
"Элчилик түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, желекти тез арада алып салууну жана мындан ары Кыргызстан менен байланышкан бардык иш-чараларды Элчилик менен макулдашуусу зарыл экенин билдирди. Макулдашылбаган иш-аракеттер үчүн университеттин жетекчилиги кечирим сурады. Мындан сырткары университеттен кечирим каты келди", -деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармакта Сеул шаарында Кыргызстандын расмий туусуна дал келбеген туу илинип турган видео тараган. Айрым соцтармак колдонуучулары муну сыйлабастык катары баалашкан.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:43
Кечээ
14:38
Кечээ
14:36
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер