
15:40, -ж., 9-ноябрь
Баткенде аскер кызматкери башынан алган жараатынан улам каза болду

Баткен облусунда келишимдик негизде иштеп жаткан 27 жаштагы прапорщик башынан оор жаракат алып каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады. Окуя 8-ноябрда болгон. Мекеменин маалыматы боюнча, кырсык атайын спорттук иш-чараларда коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан.
Прапорщик баш сөгүнөн жаракат алып, шашылыш түрдө Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Ал келишимдик негизде иштеген.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:04
-ж., 2-декабрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
live comments feed...
Комментарийлер