
11:52, -ж., 8-ноябрь
Садыр Жапаров иш сапары менен Өзбекстанга барат

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
8-9-ноябрда Ташкентте Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммити өтөт. Иш-чарага Азербайжандын, Ирандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Түркиянын, Өзбекстандын Президенттери, Казакстандын, Пакистандын премьер-министрлери катышат.
Отурумда Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле Уюмга мүчө мамлекеттердин ич ара экономикалык, коомдук-маданий, илимий-техникалык кызматташтыгы, бири-бирине жардамдашуу аркылуу дүйнөлүк кырдаалга таасир этүү жолдору талкууланат.
Саммиттин алкагында «Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү: Балдардын жана жаштардын аракети» темасында эл аралык форум да өтүп, ага мамлекет башчынын жубайы Айгүл Жапарова да катышат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:43
Кечээ
14:38
Кечээ
14:36
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:37, -ж., 18-ноябрь
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер