
11:40, -ж., 8-ноябрь
Кыргызстанда тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул датага байланыштуу президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.
Кечээ, 7-ноябрь күнү Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата ата-бабалардын элесине таазим этип, мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюлду.
Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, парламент колдогон. Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган.
Ошол кездеги президент кол койгон жарлык «1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине калыс тарыхый баа берүү максатында» кабыл алынганы айтылган.
7-8-ноябрь жылнаамада кызыл менен белгиленип, расмий майрам болуп саналат. Мунун урматына кыргызстандыктар быйыл 4 күн катары менен эс алышууда.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:04
-ж., 2-декабрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
live comments feed...
Комментарийлер