• Башкы бет
  • Талкууга алынган "Күн кармаган бала" спектакли ТҮРКСОЙдун театр фестивалында баш байгени жеңип алды
14:34, -ж., 6-ноябрь

Талкууга алынган "Күн кармаган бала" спектакли ТҮРКСОЙдун театр фестивалында баш байгени жеңип алды

Талкууга алынган "Күн кармаган бала" спектакли ТҮРКСОЙдун театр фестивалында баш байгени жеңип алды

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Азербайжанда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун эл аралык театр фестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Фестивалда  аталган театр  “Күн кармаган бала” спектаклин көрсөткөн. Аны кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин чыгармасынын негизинде жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон.

Бул ТҮРКСОЙ уюштурган алгачкы театр фестивалы. Экинчи иш-чара 2024-жылы Ашхабад шаарында өтөт.

Спектакль 2023-жылы Бишкекте өткөн "Арт-Ордо" IX эл аралык фестивалында баш байгени багындырган. 

Буга чейин аталган спектакль коомчулукта кызуу талкууга алынган.

Анда энеси баласын таштекке салып жуунтуп аткан учурда, жылаңач денеси артынан көрсөтүлгөн жери бар. 

Министр Алтынбек Максүтов спектаклге байланыштуу сындарга комментарий берип, коомчулукту көрүүгө чакырган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Күн кармаган бала

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...