• Башкы бет
  • Адахан Мадумаровдун уулу бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды
14:32, -ж., 6-ноябрь

Адахан Мадумаровдун уулу бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды

Адахан Мадумаровдун уулу бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды

2-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Нурмухаммед Мадумаровду бир жылдык мөөнөткө айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратты. Маалыматты "Т-Медиага"  Жогорку соттун басма сөз кызматы тастыктаган. 

Мекеменин билдиришинче Аламүдүн райондук жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан Нурмухаммед Мадумаровго карата протокол түзүлгөн. Документте анын  29-октябрда мас абалында "Ford Fusion" үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатканы жазылган.

Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 193-беренеси (Айдоочунун транспорт каражатын алкоголдук, баңги каражаттарын, психотроптук жана башка мас кылуучу заттарды мас абалында башкаруусу) боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал өзү да күнөөсүн мойнуна алып, сотто кылган ишине өкүнгөн.

31 жаштагы Нурмухаммед Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун уулу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мадумаровдун баласы

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...