• Башкы бет
  • Төө-Ашууда өрттөнгөн унаанын айдоочусуна көмөктөшкөн экинчи милиция кызматкери да жан берди
14:30, -ж., 6-ноябрь

Төө-Ашууда өрттөнгөн унаанын айдоочусуна көмөктөшкөн экинчи милиция кызматкери да жан берди

Төө-Ашууда өрттөнгөн унаанын айдоочусуна көмөктөшкөн экинчи милиция кызматкери да жан берди

Ош-Бишкек жолунда күйүүчү май ташыган унаадан чыккан өрттү өчүрүүгө жардам берген милиция кызматкеринин экинчиси Орозмамат Акуналиев көз жумду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди. 

Маалыматка ылайык, Акуналиевге 5-ноябрда операция жасалган. Бирок операциядан чыккандан көп өтпөй көз жумган. 

30 жаштагы Орозмамат Акуналиев Кызыл-Кыя ШИИБдин улук тергөөчүсү болуп эмгектенип келген. Артында үч баласы калды.

Эске салсак: 27-октябрда Төө-Ашууда бензин ташыган автоунаанын цистернасы кулап, күйүп кеткени кабарланган. «Мерседес Бенц» жана «Хонда СРВ» унаалары жардам берүү үчүн токтогон учурда, өрттөнүп жаткан цистерна жарылып, жеңил автоунаалар да күйүп кеткен. Анын кесепетинен төрт жаран жаракат алып, ооруканага түшкөн.  

Алардын ичинен экөө Кызыл-Кыя шаардык милициясынын тергөөчүсү, 30 жаштагы капитан Орозмамат Акуналиев менен кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, 41 жаштагы майор Дилмурат Шамшиев  "Хонда-СРВ" автоунаасы менен иш сапарга байланыштуу кетип бара жатышканда кырсыкка кабылган. Алар бензовоздун айдоочусуна  жардам берип жатканда, өрттөн жабыркап, ооруканага жеткирилген. Милициянын ыкчам кызматкери Дилмурат Шамшиев 1-ноябрда алган жарааттарынан улам каза тапкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Төө-Ашуу-милиция кызматкери

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...