15:03, -ж., 4-ноябрь

Ош: дагы 4 суу кампа курулат

Ош: дагы 4 суу кампа курулат

3-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, көчмө техникалык кеңешме өткөрүп, жалпы көлөмү 24 000 куб метрди түзгөн 4 таза суу кампасын курулушунун жаңы долбоорун талкуулады.

Көчмө жыйынга тиешелүү кызматтардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, сунуш-пикирлерлерин айтышты. Ошондой эле жеринде тиешелүү кызматтарга тийиштүү тапшырмалар берилди.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө карата Ош шаарында жалпы көлөмү 24 000 куб метр болгон 4 суу кампадан турган комплекс курулуп, пайдаланууга берилген.

Аталган иш-аракеттер Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун иш-мерчеминин алкагында, нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындаган мезгилдерде Ош шаарынын тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө. 

Долбоор 2024-жылдын иш-мерчемине киргизилет. Долбоор ишке ашырылса, шаардын жашоочулары нөшөрлөгөн жаан-чачын маалында үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болушат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош-суу кампа

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...