14:31, -ж., 4-ноябрь

Эртен жаан-чачын болбойт

Эртен жаан-чачын болбойт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 5-ноябрда өлкө аймактарында жаан чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +11…+16.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 18…20 градус жылуу болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...