• Башкы бет
  • Шашылыш билдирүү: аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт
16:14, 2023-ж., 30-октябрь

Шашылыш билдирүү: аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Шашылыш билдирүү: аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. 31-октябрда күндүз жана 1-2-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

31-октябрда эрте менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

1-2-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, көпчүлүк аймактарда үшүк жүрүп, абанын темпрературасы -3 градуска чейин төмөндөйт.

Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Мындай үшүктүн жүрүшү мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргыз гидромет

Комментарийлер

live comments feed...