• Башкы бет
  • Сокулукта байланган абалда табылган кыз боюнча милиция териштирүү иштерин баштады
16:06, 2023-ж., 30-октябрь

Сокулукта байланган абалда табылган кыз боюнча милиция териштирүү иштерин баштады

Сокулукта байланган абалда табылган кыз  боюнча милиция териштирүү иштерин баштады

Сокулукта байланган абалда табылган өспүрүм кыздын окуясы боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу 30-октябрда "Т-Медиага" Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирген.

Маалыматка караганда, бардык зарыл болгон укуктук экспертизалар дайындалып, күбөлөрдөн далилдери жана көрсөтмөлөрү суралган. Милиция окуянын чыныгы себебин аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатканын, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин убадалады.

24.kg басылмасы Сокулукта 7-класста окуган кыз оозуна чүпүрөк тыгылып скотчтолуп, колу байланган абалда табылганын өздүк булактарына таянып жазган. Окуя 24-октябрда болгон. Окуучу кызды улгайган жубайлар көчөдөн  шымы, ич кийимдери шыпырылып, эси ооп жаткан абалда табышкан.

Күбө болгондор милиция кызматкерлерин жана кыздын туугандарын чакырышкан. Мектеп окуучусу бакма үй-бүлөдө тарбияланып жатканы белгилүү болду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Чүй-окуучу кыз

Комментарийлер

live comments feed...