• Башкы бет
  • Бишкек-Ош унаа жолундагы автокырсыктын кесепетинен 4 адам ооруканага жеткирилди
15:17, 2023-ж., 28-октябрь

Бишкек-Ош унаа жолундагы автокырсыктын кесепетинен 4 адам ооруканага жеткирилди

Бишкек-Ош унаа жолундагы автокырсыктын кесепетинен 4 адам ооруканага жеткирилди

27-октябрь күнү Бишкек-Ош жолунун болжол менен 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсыктын видеосу социалдык тармактарда желдей тараган. Анын кесепетинен 4 адам жабыркап, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Өрттү өчүрүүгө 14:29да ӨКМдин Кара-Балта шаардык бөлүмүнө маалымат түшөрү менен 1 күжүрмөн эсеп, авариялык куткаруу унаасы жана 3 куткаруучу жиберилген.

Өрт саат 15:40та толук өчүрүлгөн. Ошондой эле Мерседес-Бенц жана Хонда-СРВ жеңил унаалары күйгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Унаа кырсык

Комментарийлер

live comments feed...