• Башкы бет
  • ШКУнун саммитине байланыштуу айрым көчөлөр жабылат
15:00, 2023-ж., 23-октябрь

ШКУнун саммитине байланыштуу айрым көчөлөр жабылат

ШКУнун саммитине байланыштуу айрым көчөлөр жабылат

25-27-октябрь күндөрү Бишкектин жана Чүйдүн айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жабыла турган көчөлөр:

«Манас» аэропортунан Бишкектин кире беришине чейин;

Фучик көчөсү Чүй проспектисине чейин;

Чүй проспектиси Фучиктен Манас проспектисине чейин;

Манас жана Айтматов көчөлөрү «Ала-Арча» резиденциясына чейин;

«Ала-Арча» резиденциясынан «Ата-Бейит» комплексине чейин.

Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн 4 миңге чукул милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

25-26-октябрда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны, 26-27-октябрда КМШ өкмөт башчыларынын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өтөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ШКУ-самит

Комментарийлер

live comments feed...