• Башкы бет
  • Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
14:56, 2023-ж., 23-октябрь

Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

24-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17.

Бишкекте 24-октябрга караган түнү жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...