• Башкы бет
  • Ош: абакка баңгизатын алып кирүүгө аракет кылган таксист кармалды
15:43, 2023-ж., 20-октябрь

Ош: абакка баңгизатын алып кирүүгө аракет кылган таксист кармалды

Ош: абакка баңгизатын алып кирүүгө аракет кылган таксист кармалды

Абакка баңгизат кийирүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарындагы №5 тергөө абагына тамак-аш алып келген Р.М.М. аттуу жаранды баштыгын текшерүүдө өзгөчө жыты бар, скотч менен чапталган кызгылт-сары таңгак табылган. Салмагы 1 килограммды түзгөн бул таңгакта гашиш болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

Кармалган таксист өз көрсөтмөсүндө аны белгисиз адамдар жалдаганын айткан.

Чогултулган материалдар мындан ары биргеликте иликтөө жана текшерүү үчүн Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМК Башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош - абак

Комментарийлер

live comments feed...