• Башкы бет
  • Маданият министрлиги "Назар Ньюс" сайтын эки айга бөгөттөдү
15:36, 2023-ж., 20-октябрь

Маданият министрлиги "Назар Ньюс" сайтын эки айга бөгөттөдү

Маданият министрлиги "Назар Ньюс" сайтын эки айга бөгөттөдү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги nazarnews.org сайтын эки айга бөгөттөдү. Ага басылманын министирлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун «ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген» макаласы себеп болгон. Бул тууралуу «Т-Медиага» аталган министирликтин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы  Бектур Ибрагимов билдирген.

Анын сөзүнө караганда, 13-октябрда министрлик сайттын ээсине «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын «Кыргызстандын интернет мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматты жайылтууга жол берилбейт» деген нормага байланыштуу өчүрүүнү талап кылып кат жолдогон.

«Эскертүү аткарылбагандыктан чечимди Санариптик өнүктүрүү министрлигинин байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жөнөттүк. Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык, аталган басылманын сайтын эки  айга токтотуп туруу тууралуу чечим кабыл алынган», – дейт Ибрагимов. 

Ал эми басылманын редактору Гулжан Шерипбаева аларга октябрь айынын башынан бери чабуул болуп жатканын билдирди.

«Учурда сайт иштеп жатат. Бирок макала жазып киргизсек, бир эле жаңылык 10-15 жолу чыгып бузулуп жатат. Мындай көрүнүш октябрь айынын башынан бери төрт жолу болду. Андан сырткары соц тармактарда фейк аккаунттардын чабуулуна дуушар болдум. Учрда сотко кайрылуу ниетим бар. Бирок бул масаленин адилет чечүлүүсүнө ишенбейм», -деп билдирди ал.

Акылбек Жапаровдун беделине шек келтирди делген макала NazarNews басылмасынын сайтына 11-октябрда жарыяланган. Материалдын мазмуну менен таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Учурда аталган макала сайттан өчүрүлгөнү маалым болду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Назар ньюс

Комментарийлер

live comments feed...