• Башкы бет
  • ЕАЭБ мүчө өлкөрдүн жарандары Кыргызстанда үч ай каттоосуз жүрө алат
15:24, 2023-ж., 20-октябрь

ЕАЭБ мүчө өлкөрдүн жарандары Кыргызстанда үч ай каттоосуз жүрө алат

ЕАЭБ мүчө өлкөрдүн жарандары Кыргызстанда үч ай каттоосуз жүрө алат

19-октябрда Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты. Ага ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары Кыргызстанда 90 күн каттоосуз жүрө аларын жана бул мөөнөт бүткөн соң өлкөдөн чыгып кетип, кайра 90 күндөн кийин гана кире аларын эскертти.

Башкача айтканда алар расмий каттоосу жок жарым жылда 90 күн гана жүрсө болот. Андан ашык жүрүү үчүн чет элдик жаран Кыргызстанга келген максатына (үй-бүлөсүнө кошулуу, окуу, иштөө ж.б.) жараша өлкөдө жүрүүгө уруксат берчү документтерди алууга милдеттүү. Андай документтерге: жашаган жерине каттоого туруу, узак жашап турууга уруксат, убактылуу жашоого уруксат, ошондой эле “Кайрылман” же “Мекен-карт” кирет.

“Чет өлкөлүк жарандардын жашы жете элек балдарын жана жарандыгы жок адамдарды каттоо алардын ата-энелерин, камкорчуларын жана башка мыйзамдуу өкүлдөрүн каттоо менен бир убакта жүзөгө ашырылат. Тиешелүү документтерди тариздөө боюнча чет элдик жарандар калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же 119 телефонуна кайрылса болот” деп жазылган маалыматта.

ЕАЭБге мүчө – Армения, Беларус, Казакстан, Орусиядан тышкары Тажикстандын, Грузиянын, Азербайжандын жана Молдованын жарандарын каттоо алты айдан ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт. Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдан бери толук кандуу мүчө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ТИМ-каттоо

Комментарийлер

live comments feed...